Студенттерге арноо кечеси 2016

Студенттерге арноо кечеси 2016

Бүгүн 2016-жылдын 5-ноябрь күнү колледждин 1-курстарына арналган «Студенттерге арноо кечеси» шаарыбыздын кафелеринин биринде болуп ɵттү. Ага колледж мугалимдери жана студенттери катышты. Студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа кɵрсɵтүлдү, мыкты окуучулар жана колледждин активисттери грамоталар менен сыйланды. Ошондой эле колледж директору Шамшиева Махабат Салимбековна 1-курстун студенттерине символдук түрдɵ зачеттук китепченин жана студенттик билеттин макеттерин тапшырып, аларды дагы бир жолу студенттик күндɵрүнүн башталышы менен куттуктап кетти.